Антибиотиктерди каалагандай иче бербеш керек!
Likes: 4
Reports:0
201
Биздин коомдо врачка эмес, көбүрөөк кошунасынын айтканына ишенген адамдар бар. “Ай, мага ушул дары жакшы жардам берди, сен дагы ичип көр” десе, жакшылап изилдебей эле айтканын-айткандай ичип алышат. Кээде жакшыраак жардам берсин деп экиден таблетка кабыл алышат да, тезирээк айыксам болду деп ойлонушат.
Врач катары айтсам, бул өтө чоң көйгөй. Аны чечүүнүн жалгыз жолу калкыбыздын медициналык сабаттуулугун жогорулатуу болуп саналат. Бул макалада антибиотиктерди кабыл алуу нормалары жана эрежелери баяндалат.
Макаланы ооруп жаткан жакыныңызга жөнөтүп айыгып кетүүсүнө себепчи болуңуз.
Антибиотикке туруктуулук деген эмне?
Антибиотикке каршы туруктуулук бактерияларды жана грибокторду жокко чыгарууга багытталган дарыларды колдонууда пайда болот....