Өттөгү таштын кооптуулугу
Likes: 0
Reports:0
62
Майлуу, куурулган тамактарды жеп алып “өтүм иштебей калды” деген кептерди көп эле угуп жүрөбүз. Өттө таш эмнеден пайда болорун, аны хирургиялык жол менен алып салууга эмнелер жеткире турганын, аны дарылоо жана алдын алуу жолдорун бул макалада айтып берем.
Холецистит (KO-leh-sis-TY-tiss) – боордун астында жайгашкан көрүнүшү алмурут сымал келген өт баштыкчасынын сезгенүүсү. Өт суюктугун боор иштеп чыгарып, ал суюктук “өт жолу” деп аталган түтүкчө аркылуу 12 эли ичегиге жана өт баштыкчасына барып куюлуп турат. Ашыкчасы өт баштыкчасында топтолот. (1)
Оорунун түрлөрү
- Курч кармаган түрү (оорутуу күтүлбөгөн жерден башталат);
- Өнөкөткө айланган түрү (жай жана узак убакытка созулат);
- Калкулоздуу (өт баштыкчасындагы таш...