Простата жана урологго баруу үчүн сигналдар
Likes: 1
Reports:0
65
Табарсык жагы ооруп калганда көпчүлүк эркектер “простатит эле болуш керек” деп врачка да кайрылбайт, анализ да тапшырбай өзүнө-өзү диагноз чыгарып коюшат. Мени таң калтырганы, биздин эркектер простатит деген кооптуу ооруну кадимки табигый көрүнүш катары кабыл алганы. Негизи простатит өтө кооптуу илдет. Ал ар бир эркекти кыжалат кылып, жашоо сапатын начарлатат. Эгерде эркек ар дайым ойлонуп, болор-болбоско урушуп, кыжырданып жашай турган болсо, жалпы үй-бүлө мүчөлөрү залакасын тартат. Күйөөсүнөн уруш уккан аялы ачуусун балдарынан чыгарат. Ошентип, бул чынжырча уланып кете берет.
Ошондуктан эркек өзүнүн ден соолугуна жакшы көңүл буруусу керек. Айрыкча жыныс органдарын барктап, өпкө, жүрөк, боорундай эле кам көрүүсү зарыл.
Бул макаланы досуңуз менен бөлүшүп, санаалардан арылтып, сооп табыңыз.
Простата деген эмне?
Простата - бул эркектердин табарсыгынын астында жоон ичегисинин алдыңкы бөлүгүндө жайгашкан кичинекей бездүү орган. Анын көлөмү болжол менен грек...