Аденома простата
Likes: 0
Reports:0
1
Простата безинин аденомасы канчалык кооптуу?
Расмий изилдөөлөргө таянсак, 30 жашка чейинки адамдарда бир-эки гана оору болбосо, дээрлик дени сак болот. Оорулар 30 жаштан кийин башталат. 40-50 жаш куракта адам ден соолугуна көңүл бурбаса өнөкөт оорулары өтүшөт жана жаңылары кошулат. Маселен, эркектердин арасында простатит жана аденома оорусуна чалдыккандар көбөйөт. Бул макалада аденома боюнча сөз кылабыз.
Простата безинин аденомасы – (простатиттин же урук чыктагыч безинин залалсыз шишик оорусу) простата безинин көлөмү чоңоюп, бирок курчап турган ткандарга зыян келтирбеген жана дененин башка бөлүктөрүнө жайылбаган абал. Бул жөн гана простата чоңоюп, бирок рак оорусуна алып келбейт дегенди билдирет. Простата безинин аденомасы 40 жаштан ашкан эркектерде заара чыгаруу көйгөйлөрүнүн жана сексуалдык бузулуулардын негизги себептеринин бири болуп саналат.