Амиксин дарысы тууралуу
Likes: 12
Reports:0
1105
Акыркы учурларда ар бир адам "иммунитетимди кайсы дары менен же кайсы витамин менен көтөрсөм экен?" деп изденүүдө жүргөн убагы.
Анткени иммунитет жакшы болсо, баары жакшы болот деген түшүнүк ар бир адамга сиңип калган. Бул түшүнүк туура, бирок ушул нерсеге жетем деп көп адамдар алданып калууда.
Амиксин дарысы тууралуу сөз кылып жатканымдын себеби бул дарыга да алданып калбооңуздарга себепчи болуу. Анткени аталган дарыны көпчүлүк врачтар клиникалык изилдөөлөр жүргүзүлгөн дары деп бейтаптарга сунуштап келет. Бирок 4 жолу өткөрүлгөн клинкалык изилдөөдө бул дары натыйжалуулугу жактан жана коркунучсуздугу жактан өзүнүн пайдалуулугун далилдей алган эмес. Демек, бул дары болбогон бир нерсе.
Клиникалык изилдөө жүргүзүлгөн дары да керексиз болуп калабы?
1960-жылы Америкада бул дарыны таасир берүүчү заты тилорон иштелип чыккан. Тилорон пайда болгондо окумуштуулар аябай сүйүнүшүп "эми вирустар бизге зыян бере албайт турбайбы" деп бул...