Амиксин дарысы тууралуу

General practitioner, clinical nutritionist, neuropsychologist. Founder of MedLit.
- 5+ years of practice
- 15,000+ patients completed an in-depth health review
- 7,000+ patients under ongoing care
Education and training
Kyrgyz State Medical Academy; Medipol (Turkey); Stanford University; Johns Hopkins; University of Colorado; Cape Town University Clinic; Dokma, university of evidence-based medicine; internship at The View clinic (Doha, Qatar).
Акыркы учурларда ар бир адам "иммунитетимди кайсы дары менен же кайсы витамин менен көтөрсөм экен?" деп изденүүдө жүргөн убагы.
Анткени иммунитет жакшы болсо, баары жакшы болот деген түшүнүк ар бир адамга сиңип калган. Бул түшүнүк туура, бирок ушул нерсеге жетем деп көп адамдар алданып калууда.
Амиксин дарысы тууралуу сөз кылып жатканымдын себеби бул дарыга да алданып калбооңуздарга себепчи болуу. Анткени аталган дарыны көпчүлүк врачтар клиникалык изилдөөлөр жүргүзүлгөн дары деп бейтаптарга сунуштап келет. Бирок 4 жолу өткөрүлгөн клинкалык изилдөөдө бул дары натыйжалуулугу жактан жана коркунучсуздугу жактан өзүнүн пайдалуулугун далилдей алган эмес. Демек, бул дары болбогон бир нерсе.
Клиникалык изилдөө жүргүзүлгөн дары да керексиз болуп калабы?
1960-жылы Америкада бул дарыны таасир берүүчү заты тилорон иштелип чыккан. Тилорон пайда болгондо окумуштуулар аябай сүйүнүшүп "эми вирустар бизге зыян бере албайт турбайбы" деп бул затты изилдеп башташат. Бирок чычкандарга жүргүзүлгөн изилдөө жыйынтыгы ойдогудай болбой, тилорон өтө көп токсиндүү дозада гана чычкандардын иммунитетин активдештирген. 1971-жылы доктор Кауфман тилорон затынан адамдарга изилдөө жүргүзүп, жыйынтыгында өтө көп токсиндүү өлчөмдө адам баласынын иммунитетин активдештирип, интерферондордун синтезин күчөтө албайт экенин далилдеген. Ошондон баштап 1980-жылдарга чейин тилорондун өтө көп коркунучтуу токсиндүү таасирлери аныкталып, окумуштуулар адамдарга болгон изилдөөнү токтотушкан. Бул көпчүлүк өлкөлөрдө сатууга да тыюу салынган.
Булак: Weiss JN, Ochs AL, Abedi S, Selhorst JB, Dec 1980.
Бирок, тилекке каршы, азыр биздин дарыканаларда "бул дары ОРВИге каршы иммунитет пайда кылат, коронавирустун жаңы штаммына каршы оң таасирин тийгизет" деп активдүү сатылып жатат.
Мен мындай пайдасыз дарыны колдонууну сунуштабайм, албетте, ар ким чечимди өзү кабыл кылат.
Сиздерге бекем ден соолук каалайм!

Колдонулган булактар:
1.Alsaikhan B, et al. (2016). Epidemiology of varicocele.
pubmed.ncbi.nlm.nih.gov/26763551 (https://pubmed.ncbi.nlm.nih.gov/26763551/)/
2.Chiba K, et al. (2016). The varicocele: Diagnostic dilemmas, therapeutic challenges and future perspectives.
pubmed.ncbi.nlm.nih.gov/26698233 (https://pubmed.ncbi.nlm.nih.gov/26698233/)/
3.Conditions treated: Varicocele. (n.d.).
urology.ucla.edu/body.cfm?id=478&action=detail&ref=19
4.Damsgaard J, et al. (2016). Varicocele is associated with impaired semen quality and reproductive hormone levels: A study of 7035 healthy young men from six European countries.
europeanurology.com/article/S0302-2838(16)30396-7/fulltext (https://www.europeanurology.com/article/S0302-2838(16)30396-7/fulltext)
5.Having a testicular (varicocele) embolisation. (n.d.).
bsuh.nhs.uk/documents/having-a-testicular-varicocele-embolisation (https://www.bsuh.nhs.uk/documents/having-a-testicular-varicocele-embolisation/)/
6. Leslie SW, et al. (2021). Varicocele.
ncbi.nlm.nih.gov/books/NBK448113 (https://www.ncbi.nlm.nih.gov/books/NBK448113/)/
7. Lomboy JR, et al. (2016). The varicocele: Clinical presentation, evaluation, and surgical management.
pubmed.ncbi.nlm.nih.gov/27582602 (https://pubmed.ncbi.nlm.nih.gov/27582602/)/
8.Paick S, et al. (2019). Varicocele and testicular pain: A review.
ncbi.nlm.nih.gov/pmc/articles/PMC6305863 (https://www.ncbi.nlm.nih.gov/pmc/articles/PMC6305863/)/
9.Varicoceles: Overview. (2019).
ncbi.nlm.nih.gov/pubmedhealth/PMH0072530 (https://www.ncbi.nlm.nih.gov/pubmedhealth/PMH0072530/)/
10. American Society for Reproductive Medicine. Varicocele. (https://www.reproductivefacts.org/globalassets/rf/news-and-publications/bookletsfact-sheets/english-fact-sheets-and-info-booklets/varicocele_factsheet.pdf) Accessed 10/9/2020.
10.Leslie SW, Sajjad H, Siref LE. Varicocele. (https://www.ncbi.nlm.nih.gov/books/NBK448113/) [Updated July 21, 2020.] Treasure Island (FL): StatPearls Publishing; 2020 Jan. Accessed 10/9/2020.
11.National Infertility Association. How Varicocele Repair Can Be an Effective Treatment. (https://resolve.org/infertility-101/medical-conditions/male-factor/varicocele-repair/) Accessed 10/9/2020.
For information only; not a substitute for a doctor’s advice. In an emergency call 103.





