Генферон лайт тууралуу
Likes: 56
Reports:0
3899
Өтө токсиндүү, жаш балдардын көтөнү аркылуу колдонулбай турган дарыны азыркы күндө ата-энелер жыргап "баламдын иммунитетин жакшыртат экен деп колдонуп жатышат.
"Муну эмнеге колдонуп атасың?" деп сурасаң, "врач айтты, ал жалган айтмак беле?" деп жооп кайтарышат. Урматтуу ата-энелер, эгер сиз барган врач кайсы дары пайдасыз, кайсы дары натыйжалуу экенин тактабай туруп билген нерсесин жаза берсе ичире бересиңерби? Дайыма врач жазып берген дарынын клиникалык изилдөөдөн өткөнүн далилдеп, көрсөтүп берүүсүн сурагыла.
Бул дарынын таасир берүүчү заты альфа-интерферон. Расмий көрсөтмөдө "Альфа интерферондор ОРВИ, грипп учурунда колдонулат" деген бир да сөз таба албайсыңар. Альфа-интерферондор өтө оор ооруларда вена жана булчуң аркылуу сайылат. Анткени ал ичеги-карынга түшсө организмге сиңбейт. Сиздин балаңызга салып жаткан свеча анын заңы менен кайра эле сыртка чыгып кетет. Бул менен сиз балаңыздын ден соолугуна коркунуч жаратасыз...