"Брикеза" тууралуу чындык
Likes: 29
Reports:0
2813
Көп ата-энелердин сүйүктүү дарыларынын бири - мына ушул сиздер көрүп турган Брикеза.
Бул суюктук боюнча мага өтө көп суроолор түшкөндүктөн кыскача сөз кылып коюуга туура келди.
Далилденген медицинанын принциптери менен карай турган болсок, бул сироп клиникалык изилдөөдөн өтүп, далилденген эмес.
"А далилденбесе койсун, эң башкысы балама зыян болбосо болду" деп ойлоп жатсаңыз, анда жакшылап кийинки пункттарды окуңуз.
1. Бул сироп өз курамына D витаминин, магний, кальций жана цинкти камтыйт. Баарыбыз билгендей, магний, D витамини жана кальций бири-биринин сиңимдүүлүгүнө жакшы таасир берет. Бирок цинк кошулганда пайда береби же зыян береби деген суроого компания жооп бере элек, анткени изилденген так маалымат жок.
2. Аталган суюктуктун курамында декстроза, целлюлоза аттуу заттар бар. Булардын баары кант.
3. Ошондой эле бул сироп натрий кармеллозасын камтыйт. Анын ден соолукка пайдалуу экени аныкталган эмес,...