"Теке" кошулмасы тууралуу чындык
Likes: 87
Reports:0
5816
"Теке" деген кошулманы сүйүп колдонгон эркектер көп. Аталышы эле айтып тургандай, бул кошулманын максаты эркектин жыныстык катнашка каалоосун текеникиндей кылып көбөйтүү. Бул кошулма тууралуу көп катталуучулар пикиримди сурагандыктан ушул макаланы жазууну туура көрдүм.
Бул кошулма мындан 3-4 жыл мурда чыгып, базарларда, диний дүкөндөрдө активдүү сатыла баштаган эле. Анысы аз келгенсип, элге көрүнүктүү адамдар дагы бул кошулманы активдүү жарыя кылып, эркектердин ишенимине кирүүгө жетишти.
Биздин өлкөдө көпчүлүк эркектер медициналык жактан сабатсыз болгондуктан Айдан издегени жерден табылып, мындай кошулма чыгаары менен дароо сатып алып колдоно башташты. Ошол себептен бул кошулма тууралуу чындыкты сиздерге далилденген медицинанын принциптеринин негизинде баяндагым келди.
Доктор, "Теке" кошулмасынын БАК экенин тастыктаган сертификаты барбы?
Өзүңүздөр билгендей, азыр...