Vita Marine А+ тууралуу чындык
Likes: 77
Reports:0
3213
Бүгүн менин бир жакын адамым мындай суроо менен кайрылып калды: "Бекжан, "Vita Marine А+ жана B" деген дарылар өттөгү ташты чын эле түшүрөбү, сен эмне дейсиң?".
Албетте, мен далилденген медицинанын негизиндеги көз карашымды жана бул дарылар организмге кыпынчалык да пайдасы жок экенин айттым. Мына ушул сөзүмдү мен сиздерге далилденген медицинанын негизинде илимий форматта далилдеп берем. Бул макаланы ушул сыяктуу "сетевиктердин" товарларына алданып жүргөн жакыныңызга сөзсүз түрдө жөнөтүңүз.
Бул кандай кошулма?
Vita Marine А+ - бул cucumber деп аталган деңиз жаныбарынан алынган экстракттын негизинде жасалган химиялык кошулма. Аталган компаниянын расмий сайтына баш багып карай турган болсок, бул кошулманын курамында ушул экстракт бар экени гана көрсөтүлгөн. Кошулманы даярдоодо колдонулган башка химиялык заттар жазылган эмес. Эгерде жазыла турган болсо, анда "табигый эле, табигый" деп...