Инсти чай эмнеси менен кооптуу?
Likes: 165
Reports:0
5933
Инсти чай - көптөгөн чөптөрдүн негизинде жасалган кошулма.Тилекке каршы, бул кошулманы көпчүлүк адамдар эч кандай коркунучу жок, тумоо учурунда жакшы таасир берген чай катары кабылдашат.
Жадакалса, бул дарынын өндүрүүчүсү "кош бойлуу жана бала эмизген учурда колдонууга болбойт" деп жазып койсо да көпчүлүк врачтар кош бойлуу аялдар тумоологон кезде мына ушул чайды сунушташат. Албетте, бул абал өтө өкүнүчтүү.
Себеби бул дарыда натыйжалуулугу жана коопсуздугу далилденбеген өтө кооптуу чөптөр бар.
Ал чөптөрдү көпчүлүк адамдар табигый экен, зыяны деле жок болсо керек деп ойлошот. Бул ойду жок кылып, элибиздин медициналык сабаттуулугун жакшыртуу максатында бул макалада ушул Инсти чайдын курамындагы коркунучтуу болгон бир кошулмага токтолуп өтүүнү туура көрдүм.
Бул пайдалуу макаланы башкаларга бөлүшүп алардын да чындыкты билүүсүнө себепчи болуңуз.