Виферон свечасы тууралуу
Likes: 84
Reports:0
7447
Бул кандай препарат?
Виферон свечасы ар кандай вирустук инфекцияларды дарылоочу препарат катары дарыканаларда сатылып келет. Бирок, далилденген медицинада мындай свечалардын эффективдүүлүгү тастыкталган эмес. Бул макалада "Виферон" свечасынын пайдасы жок экенин илимий деңгээлде далилдеп берүүгө аракет жасайм.
"Виферон" колдонуп жүргөн ата-энелер, бул препаратты сунуштаган врачтар, макаланы көздү чоң ачып окууга аракет кылыңыздар! Анткени, бала өмүрү оюнчук эмес.
Эмнеге бул препарат пайдасыз?
Бул макаланы даярдоо үчүн PubMed, EMBASE жана Cochrane Library сыяктуу эң күчтүү маалымат базаларында ар тараптуу издөө жүргүздүм. Бирок, тилекке каршы вирустук инфекцияларды дарылоодо "Виферон" свечаларынын натыйжалуулугун далилдеген бир дагы жарытаарлык клиникалык изилдөөнү көрбөдүм. Бул свеча боюнча рецензияланган, далилдү...