Арыктатуучу дарылардан сак болуңуз
Likes: 190
Reports:0
8183
Урматтуу катталуучулар!
Бул макаланы канчалык көп адамга таратсаңыздар, ошончолук адамдын аман калуусуна себепчи болосуздар.
Акчаны көздөгөн абийрсиз адамдар эч жаман ою жок, толук эже-карындаштарды түрдүү дарылар менен арыктатабыз деп алдаганы аз келгенсип аларды уулап жатышат.
Адамдарды арыктатуучу дарыларга байлап, жадакалса, кээде аларды өмүр бою ичип жүрүүгө чакырат экен.
Кандай гана абийирсиздик! 😔
Эмнеге арыктатуучу дарылардан өтө сак болуу керек?
Себеби алардын курамында Сибутрамин деген өтө коркунучтуу химиялык зат бар деп кесе айта алам.
Бирок арыктатуучу дарыларды өндүргөндөр өтө куу болгондуктан курамына жалаң гана чөп-чарлардын аталышын жазып, 100% табигый жана коркунучсуз деп беймарал сатып келишет.
Мындай арсыздардын тузагына баягы эле ишенчээк карапайым адамдар илинүүдө.<...