Элевит тууралуу чындык
Likes: 104
Reports:0
6411
Көпчүлүк кош бойлуу айымдардын жана гинекологдордун эң сүйүктүү витамини - мына ушул Элевит.
Негизи кош бойлуу учурда кандайдыр бир витаминди же дарыны ичүү аял үчүн да, ымыркай үчүн да өтө коркунучтуу. Ден соолукка коркунуч туудурган витаминдердин бири - Элевит.
- Доктор, Элевит кандайча ден соолук үчүн кооптуу?
1. Элевит дары катары каттоодон өткөн эмес, ал жөн гана БАК! Демек, БАКтын ден соолукка пайда-зыяны таптакыр изилденбейт жана дарылардан талап кылынгандай текшерүүлөр жүргүзүлбөйт. Ошондуктан БАК ичүү айрыкча кош бойлуу аялдарга кооптуу.
2. Элевит курамына 7 минералды жана 12 витаминди камтыйт. Тилекке каршы, Элевиттеги витаминдер менен минералдар бири-биринин таасирине тоскоолдук жаратат. Мисалы, Элевиттеги В1 витамини анын курамындагы В9 витамининин сиңүүсүнө тоскоолдук жаратат. Жыйынтыгында эң керектүү болгон В9 витамини (фолий кычкылы) кош бойлуу аялдын организмине сиңбей калат. Өзүңүздөр билгендей эле, фолий кычкылы кош бойлуу аял үчүн өтө керек. Кыскасы...