Кытай антигриппини тууралуу чындык
Likes: 444
Reports:0
14355
Бул кандай дары?
Эң алгач бул дарынын таасир берүүчү заттары менен таанышып өтөлү. Алар төмөнкүлөр:
- парацетамол;
- амантадин;
- жасалма бука безоары;
- кофеин;
- хлорфенирамина малеат.
Өзүңүздөр күбө болгондой, мына ушул химиялык заттар Кытай антигриппинин колдонсоңуз, сиздин организмиңизге түшөт.
Бейтапка эскертүү!
Ар бир бейтап кайсы бир дарыны ичүүдөн мурда сөзсүз анын таасир берүүчү заттарына көңүл буруусу керек. Андан соң дарыдагы таасир берүүчү заттын натыйжалуулугу жана коопсуздугу далилденгенби, тактоого аракет кылуусу зарыл.
Бул дарынын курамындагы таасир берүүчү заттардын дарылык касиети барбы жана алар далилденгенби?
Анда эмесе, ушул дарыдагы ар бир затка далилденген медицинанын негизинде токтолуп кетели:
1. Парацетамо...