"Nwork" компаниясы тууралуу
Likes: 146
Reports:0
6235
Бул компаниянын расмий сайтындагы маалыматына ылайык, компания 2015-жылы негизделип, 2018-жылдан баштап Nigella Global аттуу азыкты өндүрө баштаган. Компаниянын продукциялары биздин өлкөгө 2020-жылдан баштап тармактык маркетинг жолу менен активдүү тарала баштаган.
Доктор, "Nwork" компаниясынын продукцияларын кайсы бир оорудан айыгуу үчүн колдонсо болобу?
Жок, бул компаниянын продукциялары бир да ооруда натыйжалуулугун жана коопсуздугун далилдеген эмес. Анткени аталган компаниянын продукциясы оорудан айыктыруучу дары эмес, жөн гана БАК (биологиялык активдүү кошулма) болуп эсептелет. Ошол себептен бул компаниянын кошулмаларын кайсы бир ооруну дарылоо үчүн колдонууга болбойт. Эгерде бул компания "биздин продукция ооруну айыктырат" деп айтып жатса, анда айткан сөздөрүнө далил катары клиникалык изилдөөнүн жыйынтыгын көрсөтүүсү керек. Рандомизацияланган контролдук клиникалык изилдөөнүн жыйынтыгында "Nwork" ком...