БАКтардын курамындагы кооптуу кошулмалар
Likes: 39
Reports:0
6111
Урматтуу окурман!
Сиздин ден соолугуңуздун саламаттыгы мен үчүн өтө маанилүү.
Ошол себептен бул кооптуу кошулмалар тууралуу сизге баяндоону туура көрдүм.
Өзүңүздөр билгендей эле, азыркы учурда адамдар витаминдерди, БАКтарды өз билгениндей колдонуп жатышат.
Эң өкүнүчтүүсү, алар витамин катары канчалык деңгээлде пайдалуу экенин билишпейт. Медицинага таянбай, өз билемдик менен адамдарга БАКтарды сунуштагандар акча үчүн эки көзү төрт болуп, эптеп өзүнүн товарын саткысы келген соодагерлер. Дээрлик көпчүлүгүнүн медициналык билими жок, болсо дагы адамдын организми тууралуу маалыматы өтө аз.
Карапайым адамдарга мактап эле койсоң ошол жетиштүү, медициналык жактан сабатсыз болгондуктан унчукпай алып кете берет.
Анда сиздерге кооптуу кошулмалар тууралуу баяндап берейин. Эгер ушул кошулмаларды камтыган БАК же витамин болсо, анда таптакыр алып ичпеңиз. Анткени бул сиздин ден соолук...