Зелёнка тууралуу
Likes: 79
Reports:0
4514
Медицина мыкты өнүккөн өлкөлөрдө зеленка зыяндуу, токсиндүү деп эсептелинет.
Бул зат негизи 1879-жылы иштелип чыгып, микроорганизмдерди боё үчүн чыгарылган.
СССР убагында жакшы жарнама кылынып, СНГ өлкөлөрүнө катуу таралган.
Медициналык түшүнүгү төмөн адамдар, бул зеленканы коркунучсуз "керемет" дары көрүшөт. А бирок медицинанын далилденген принциптери менен карай турган болсок, бул дарынын коркунучсуздугун жана натыйжалуулугун аныктаган бир да клиникалык изилдөө өткөрүлгөн эмес.
Аталган зат молекулярдык деңгээлде организмге кандай таасир тийгизерин эч ким аныктаган эмес. Балким, аныктоодон коркушат, анткени зыяндуулугу байкалып калса, бизнестери токтойт.
Зеленка антисептик катары дагы укмуш натыйжа көргөзө албайт. Анын курамынын 60% кадимки эле спирттен турат. Спирт терини өтө кургатып салгандыктан антисептик катары да сунуштабайм . Анткени анын ордун баскан зыяны аз, пайдасы көп антисептиктер бар.
Америка, Европа өлкөлөрүндө зеленк...