Bendax тууралуу чындык
Likes: 97
Reports:0
3372
Бул препаратты сатып, акча таап жаткандарга, айрыкча, врач болуп туруп дарыканада оригиналдуу препараттар турса да, көрүнгөн жерлерде сатылып жаткан Bendax препаратын жаш балдарга сунуштап жаткандарга арналат.
Бул кандай дары?
Бул дары өзүнүн курамына рецепт менен гана сунуштала турган "Альбендазол" деп аталган препаратты камтыйт. Ооба, паразиттерге каршы "Альбендазол" эффективдүү, бирок, эч бир медицинасы өнүккөн өлкөдө бул дары дароо эле жаш балдарга сунуштала бербейт. Себеби, бул препарат өтө күчтүү, өтө оор препарат. А бирок, тилекке каршы биздин өлкөдө бул дары мечиттердин жанындагы дүкөндөрдө, базарларда, витамин сатылгандай эле сатылып жатат. Аны сатып жаткандар, жөн эле "куртту жакшы кетирет" деп адамдарга каалагандай сатып жатышат.
Өлкөдө мына ушундай жол менен сатылып жаткан дарылардын кооптуулугун элге айткандын ордуна, жадакалса, департаменттин каттоосунан өтпөгөн...