"Алтын батек" тууралуу чындык
Likes: 107
Reports:0
4713
Май тамандан баштап ревматизмге чейин дарылаган "жалтырак темир" карапайым калк арасында "тренд" болуп жаткан учур.
Аталышы "Гучженцзи"
Медицинадан түшүнүгү жок адамдар, 4 киши столдо отурган адамды көтөрүп койгонун көрүп "ий, мен дагы бул батекти кийсем, супер энергияга ээ болуп, жыргап калат окшойм" деп ойлоп, 15000 сомун кетирип, пайдасыз темирди сатып алышууда.
Ошондой эле бул батекти белгилүү адамдардын жарнамалап жатканын көрүп бир жагынан күлкүң келсе, бир жагынан ыйлагың келет.
Жарнама кылганда да эптеп сатуу максатында кайдагы бир жомок сөздөрдү айтып, ата-теги такталбаган, түшүнүксүз батегин макташууда.
Эмне үчүн бул батектин пайдасы жок?
1. Бул батек эч кандай клиникалык изилдөөлөрдөн өткөрүлгөн эмес. Демек, жалтырак батектер "дарылайт" деп айтуунун өзү - абсурд!
...