Оксолин майы тууралуу
Likes: 160
Reports:0
9065
Мурдум бүтүп, бир аз сыркоолоп калсам эле апам (өзү фармацевт) "ушул майды мурдуңдун ичине киргизе-киргизе сүйкө" деп калар эле.
Кийин медицина тармагында жогорку билим алып, бул дарынын эч кандай пайдасы жок экенин билип отурам.
Курамы 99, 75 % кадимки вазелинден турат. Эч кандай коронавирустан жана башка вирустардан коргоо функциясы жок. Тескерисинче, липоиддүү пневмонияны чакырышы мүмкүн. Бир да өлкө бул дарынын таасири бар экенин илимий аныктаган эмес.
Ошондуктан "гриппке, коронавируска жакшы" деп колдонуудан алыс болуңуздар, урматтуу катталуучулар!
Сиздерге бекем ден соолук каалап, доктор Турабеков.
- "MedLit" мобилдик тиркемесинин автору;
- И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын бүтүрүүчүсү;
- Эл аралык деңгээлдеги клиникалардан жана университеттерден (Medipol, Cape Town University Clinic, Stanford University,...