Бөйрөк оорусу барларга зыян азыктар
Likes: 185
Reports:0
![](https://medlit.app/public/frontend/img/Vector (1).png)
![](https://medlit.app/public/frontend/img/s.png)
17005
Өзүңүздөр билгендей, бөйрөгү ооруп жаткан адамдар жеп жаткан тамагына өзгөчө көңүл бөлүшү керек. Себеби бөйрөк тамак сиңирүүдө жана андагы токсиндүү заттарды жок кылууда чоң күч сарптайт.
Көпчүлүк учурда бөйрөгү ооруп жаткандар бөйрөгүнө пайда эмес, тескерисинче, зыян азыктарды колдонуп, оорусун андан бетер күчөтүп, айыга албай кыйналып жүрө беришет. Андыктан кандайдыр бир деңгээлде пайдалуу болор деген ниетте ушул макаланы жазып отурган чагым.
Албетте, бул азыктарды жеп алсаңыз бөйрөгүңүз иштен чыгып, гемодиализге түшүп каласыз деп айтуудан алысмын. Бирок канчалык бир деңгээлде ооруп жаткан бөйрөктүн оорусун андан бетер күчөтөт деп айта алам.
Анда кеттик!
1. Өз курамына өтө көп натрийди кармаган азыктар бөйрөк үчүн коркунучтуу.
Мындай азыктар бөйрөк клеткаларын жана бөйрөктү гипертрофия кылуу коркунучун жаратат. Ошондой эле көп клиникалык изилдөөлөрдө натрий кармаган азыктар кан басымын...