Жаратылыш кырсыктарына даярдануу
Likes: 74
Reports:0
1926
Кырсык - айттырбай келет. Жер титирөө болобу, торнадо, бороон, цунами, суу ташкыны болобу, биз ар дайым даяр болуубуз өтө маанилүү. Акыркы учурларда глобалдуу жер титирөөнүн, климаттын ашыкча ысуусунун, жаратылыштын бузулуусунун, өзгөрүүсүнүн натыйжасында табигый кырсыктар тез-тез боло баштады. Ага мисал жакында болуп өткөн Түркиядагы жана Сириядагы жер титирөөлөр.
Урматтуу катталуучулар, бүгүн мен сиздерге, табигый кырсыкка кантип даярдануу керек, эмнеге көңүл буруу керектиги тууралуу маалыматтар менен бөлүшөм. Бул тема өтө кенен болгондуктан макалалар бөлүнүп-бөлүнүп чыгат. Бул макалаларды сөзсүз түрдө башкалар менен бөлүшүп, жакындарыңыздын да дени сак болуусуна салым кошуңуз.
1. Шашылыш эвакуация планын түзүңүз
Жаратылыш кырсыгы болуп кетсе, кыска мөөнөттүн ичинде үйдөн чыгып кетүүгө туура келет. Ошол себептен, "сактыкта-кордук жок" дегендей, алдын ала болжолдуу эвакуация планын түзүп коюңуз. Айрыкча, эгерде үй-бүлөңүздө кары-картаңдар, жаш б...