Уйкунун кандай пайдасы бар?
Likes: 188
Reports:0
7343
Сапаттуу уйку – адамдын физикалык жана психикалык саламаттыгынын негизи.
Канчалык идеалдуу жашабаңыз, сапаттуу дарыларды ичпеңиз же пайдалуу азыктарды жебеңиз, эгер уйкуңуз начар болсо, анда жасаган кадамдарыңыздын кыпынчалык да пайдасы болбойт.
"Дени сак жашоого кадам" курсун аяктап жаткандарга да бул нерсе тууралуу өтө көп айтам. Себеби менин байкоомдо көпчүлүк курска катышкан адамдар дени сак жашоодо айтылган кеңештердин көпчүлүгүн идеалдуу аткарат да, уйкуга келгенде шарттары жок болуп калат.
Албетте, кыргыздарда уйкуга болгон мамиле бала чагыбыздан бузулган. Ал эми байыркы учурларда электр жарыгы болбой, түн кирери менен адамдар дароо уйкуга кетишкен. Балким, алардын дени сак жүрүүсүнө ушул фактор дагы абдан чоң таасирин тийгизген? Ал эми азыр көпчүлүк адамдардын жашоосу түн кирген соң башталууда. Бул өтө өкүнүчтүү...
Ошол себептен ар бир адам уйкуга башкача көз карашта карап, уктоонун сырларын идеалдуу деңгээлде өздө...