Таза жүрүүнүн ден соолукка пайдалары
Likes: 83
Reports:0
2992
"Тазалык - ыймандын жарымы". Бул сөздү сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (Ага Аллахтын саламы жана салаваты болсун) айтып кеткен. Бардык дин өкүлдөрүнүн арасында мусулмандар эң таза деп эсептелет. Анткени ислам - гигиена нормаларына өзгөчө көңүл бурган уникалдуу дин. Тазалыкка тиешелүү шарттар исламдан башка диндерде мынчалык көп эскерилген эмес. Чынында эле мусулмандардын таза жүрүүсү үчүн динибизде бардык шарттар кенен айтылган.
Гигиенаны мыкты сактап, таза жүрүүнүн ден соолук үчүн кандай пайдалары бар?
1. Тазалык адамдын абалын психологиялык жактан да, физикалык жактан да жакшыртат
Адам таза жүргөндө өзүн психологиялык жактан кадимкидей жакшы сезет. Жасаган иштери, сүйлөгөн сөздөрү да мыкты болот. Ошону менен бирге таза адамдар көпчүлүк учурда жалкоолукка кабыла беришпейт.
2. Тазалык органдардын жана системалардын жакшы иштөөсүн шарттайт