Тишке кам көрүүдө жасай турган эң маанилүү нерселер эмне?
Likes: 325
Reports:0
7292
Адамдын тиши - анын ден соолугу жана жашоо сапаты үчүн өтө маанилүү болгон органдардын бири.

Биздин эл тиштери качан гана чыдатпай ооруп, ириңдеп кеткенде гана "тишти каратыш керек эле" деп ойлонуп баштайт. Ага чейин тишибиз бетондон жасалгандай беймарал жүрө беребиз. Бирок мындай кылуу ден соолук үчүн өтө кооптуу.

Көпчүлүк статистикалык изилдөөлөргө таянып айта турган болсом, тишинин абалы начар адамдардын жана тиши жоктордун өмүрү кыскарышы мүмкүн. Тагыраак айтканда, эртерээк өлүмгө дуушар болот. Эгер адам "өмүрүм узун, жашоом сапаттуу жана жемиштүү болсун" десе, анда тишке өзгөчө кам көрүүсү керек.
...