Нымдоочу каражаттын маанилүүлүгү
Likes: 172
Reports:0
6481
Мен Инстаграм аркылуу катталуучулардан атайын сурамжылоо жүргүзгөн элем. Анын жыйынтыгында 93% катталуучуларым аба нымдоочу аппарат (увлажнитель воздуха) колдонбойт экен.
Бул жыйынтык мени аябай өкүндүрдү.
Анткени адам жашаган бөлмө жеткиликтүү деңгээлде нымдуу болбосо, дем алуу системасы үчүн өтө коркунучтуу.
Шаарда эмнеге тамак оору, жөтөл жана башка ушул сыяктуу патологиялык процесстер, жылуулук берилген соң күчөп кетти? Анткени адамдардын үйлөрүндөгү нымдуулук өтө төмөндөп кетти. Айылдарда да от жагып, үйдү ысытабыз деп нымдуулукка көңүл бурулбай калды. Канчалык аба кургак болгон сайын ошончолук адамдын дем алуу системасы жабыркай берет.
Адамдын дем алуу системасынын мыкты иштөөсү үчүн үйдүн нымдуулугу 40-60% түзүүсү керек.
Гигрометр аттуу прибордун жардамы менен үйүңүздүн нымдуулугун эсептеп турсаңыз болот.
Нымдуулук ОРВИ учурунда кантип жардам берет?
1. Бронхтордо жайгашкан кл...