Колтугум тердеп тажатты
Likes: 123
Reports:0
7125
Күн ысып баштаган мезгилде бул теманы билип алуу сиздер үчүн өтө маанилүү. Бирок кээ бири күн ысыбаса деле тердеп жүрүшөт. Бул маселени чечүү жолдорун айтканга аракет кылам.
Биздин денебизде 3-4 млн тер бездери жайгашкан. Алардын көпчүлүгү колтукта, маңдайда, таманда, алаканда жайгашат.
Күнүнө ушул тер бездери аркылуу нормада 500-700 мл тер бөлүнүп чыгат. Жайында күн катуу ысыганда же адам өтө катуу стресс болгондо тердин бөлүнүүсү 2-3 литрге чейин жетип кетет.
Негизи тердөө бул Аллах Таала жараткан физиологиялык процесс. Бирок кээ бир учурда бул процесс патологиялык болуп калышы да мүмкүн. Аны медицинада гипергидроз деп атайбыз.
Кайсы учурда гипергидроз болушу мүмкүн?
1. Бул учурга чейин тердебей жүрүп, акыркы күндөрү өтө көп тердеп жатсаңыз;
2. Түнү менен тердегендиктен жакшы уктай албай, жаздык шейшептер суу болуп калса;
3. Күн ысыбаса дел...