Орозодо ооз жыттанса эмне кылыш керек?
Likes: 59
Reports:0
3128
Ооздун жаман жыттануусу адам үчүн да, анын жанындагылар үчүн да жагымсыз нерсе. Алар өзүн психолгиялык жактан аябай жаман сезет.
Көпчүлүк учурда ооздун жыттануусу төмөнкү себептерден улам келип чыгат:
- ооз көңдөйүнүн микрофлорасынын бузулуусу;
- бактерияларды өлтүрүүчү лизоцимдин аз бөлүнүп чыгуусу;
- тиштин патологиялык абалдары;
- тамак-аш сиңирүү системасына тиешелүү сфинктерлердин начар иштөөсү.
Ал эми орозо учурунда ооздун жагымсыз жыттануусунун себеби:
- организмдеги суунун жетишсиздиги;
- ашказан оорулары;
- өт суюктугунун курамынын өзгөрүүсү.
Эми эмне кылыш керек?
1. Эң алгач орозо учурундагы тамактануу нормаларына көңүл буруңуз. Тамактануу нормаларын, "Рамазандагы медициналык кеңештер" аттуу вебинарымда айтып бергем. Ошол вебинарды сөзсүз көрүп коюңуз.