Жаш балдардын гигиенасы
Likes: 158
Reports:0
4677
Жашырып менен болобу, биздин өлкөдө көпчүлүк энелердин медициналык жактан сабатсыздыгынан улам жаш балдарда жана ымыркайларда гигиена нормалары толук кандуу сакталбайт. Элементардык гигиенанын жоктугунан канчалаган наристелер түрдүү илдеттерге кабылып, жабыркашууда.
Ошол себептүү бул макалада сиздерге жаш балдар үчүн эң маанилүү жана керек болгон кол гигиенасы менен интим гигиенасы тууралуу сөз кылып берем.
Макаланы жакшылап окуп, практика жүзүндө аткарууга аракет кылыңыз. Ошондой эле башкалар менен бөлүшүүнү унутпаңыз.
Анда кеттик.
Колдун гигиенасы

1. Колдун териси микрофлорага ээ жана липиддик мантия менен капталган - бул анын коргоочу кызматын аткарат;
2. Колду тез-тез жууп турган жакшы. Бирок өтө эл...