С гепатити тиш щёткасы аркылуу жугабы?
Likes: 259
Reports:0
8946
Гигиеналык каражаттар биздин саламаттыгыбыз үчүн өтө маанилүү. Нормада ар бир адамдын өзүнө тиешелүү тиш тазалоочу щёткасы болот, бирок жашырып менен болобу, айрым үй-бүлөлөрдө бири-биринин тиш щёткасын колдонуп койгон учурлар кездешет.
"Кадимки тиш щёткасы аркылуу С гепатити жугабы?" деген суроого жоопту бул макалада таба аласыздар.
PubMed медициналык порталы 2006-жылы С гепатити менен ооруган 30 адамдын катышуусу менен өткөн клиникалык изилдөөнүн жыйынтыгын жарыялаган. Анын жүрүшүндө тиш щёткасында вирустун РНКсы сакталып, башка адамга жугуу коркунучу бар экени далилденген. Мындан улам изилдөөнүн башында турган окумуштуулар адам С гепатити илдетин кадимки тиш щёткасы аркылуу да жуктуруп алуусу мүмкүн экенин эскертип келишет.
Булак: Hepatitis C - contamination of toothbrushes: myth or reality? G Lock et al. J Viral Hepat. 2006 Sep.
Доктордон кеңеш:
1. Бирөө...