Рамазанда ачка жүрүүнүн уникалдуу 3 пайдасы
Likes: 139
Reports:0
4283
Мусулмандар үчүн ыйык Рамазан айы да жакындап калды, ошол себептен бул өзгөчө айдын сиздерге тийгизген таасирлери тууралуу уникалдуу маалыматтарды тартуулоого бел байлап турам.
Бүгүн сиздер менен сүйлөшө турган темабыз: Далилденген медицинада Рамазан айында орозо кармоонун кандай пайдалары бар?
Макаланы жалаң гана далилденген булактардын негизинде даярдап, сиздер менен бөлүшүп отурам. Сиз дагы бул макаланын калың журтка таралуусуна себепчи болуп бөлүшүңүз.
Сиз Рамазан айындагы орозо кармоонун денебизге пайда алып келерин билет белеңиз? Эгерде илимий деңгээлде билбесеңиз, анда макалага көңүл буруңуз.
1. Зат алмашуунун жакшыруусу
Изилдөөлөр көрсөткөндөй, орозо кармоо метаболизмдин ийкемдүүлүгүн жакшыртып, клеткалардын жаңылануусуна өбөлгө түзөт (1). Белгилүү бир убакыт тамак жебесек, организмибиз ал убакытты өзүн-өзү калыбына келтирүүгө жана тазалоого жумшайт. Бул процесс Рамазан айында ушунчалык уника...