Арыктоо тууралуу калптар
Likes: 91
Reports:0
3731
Азыр көпчүлүк адамдар ашыкча салмак менен жабыркап, арыктоонун түрдүү жолдорун издеп, социалдык тармактардагы ар түрдүү диетологдордун, арыктатып жиберчү адистердин, марафончулардын кылтагына илинип калышууда. Алар 10 адамга натыйжа берген ыкманы 100 адамга мактап, "натыйжа берет, арыктатат" деп мактап саткан кадимки эле соодагерлер экенин билишпесе керек.
Ошондуктан мен сиздерге ушул арыктоого тиешелүү кээ бир жалгандарды ачыктап берүүнү туура көрдүм. Бул маалыматтарды билүү менен сиз жалганчыларга алданып ден соолукту талкалап албайсыз.
1. "Адам арыктоо үчүн кето-диетаны кармашы керек, мындайча айтканда, көмүртектерди колдонууну токтотуусу керек".

Бүгүнкү күндө бул жалган маалыматтын аябай таралуусуна Dr. Berg...