Семиздиктин зыяндары
Likes: 68
Reports:0
2650
Семиздиктин жашоого тийгизген терс таасирлери өтө көп. Айтпасак деле барына белгилүү болсо керек, бирок ага карабай күндөн-күнгө семиздик менен жабыркагандардын саны көбөйүп, тилекке каршы, "семиздик пандемиясы" катуу күч алууда.
Ошол себептен мен сиздерге семиздиктин адамга тийгизген реалдуу зыяндуу жактарын баяндап берүүнү туура көрдүм.
1. Семиз адамдар жашоодо көп нерсеге жетише албай калат.
Анткени семиздикти жеңе албаган адамга башка нерселерди жеңүү кыйын болот. Жашоодо бир нерсеге жетүүдө семиз адамдар аябай кыйналышат. Койгон максаттарына жете албай, андан бетер семиздиги күч ала берет.
2. Семиз адамдар дайыма стресс менен депрессияда жүрөт.
Мындай абалда жүргөндө акырындан бардык оорулар жыйналып баштайт, өмүрү дагы кыскарат. Эң өкүнүчтүүсү рак ооруларына, инсульт, инфарктка кабылат. Семиздик менен жабыркаган аялдардын көпчүлүгү 40тан өтүп эле жатындын рак оорусуна, гинекологиялык органдарында к...