Начар уйкунун зыяны
Likes: 99
Reports:0
3871
Окумуштуулардын айтымында, биз мурунку адамдарга караганда 2-3 эсе азыраак уктап калдык.
Көпчүлүк адамдар түнкү уйку менен күндүзгү уйкуну алмаштырып алышты. Анткени алар түнү интернетте отуруп, эртең менен 9-10го чейин укташат. Ушунун айынан адамдар ден соолугун талкалап жатышат. Жалкоолонуп, эч нерсе кылгысы келбейт, даяр тамакка көнгөн, физикалык жактан дагы, моралдык жактан дагы алсыз болуп баратышат. Мунун баарына түнкү уйкунун жоктугу же аздыгы себеп болууда.
Мурунку замандарда электр жарыгы жок болгондуктан түн кирери менен адамдар автоматтык түрдө уйкуга кетишкен. Балким, алардын ден соолугу ошол себептен жакшыраак болгон деген ойго келесиң.
Адам баласында түнкү уйку жок болсо, эч кандай вирус, бактериясы жок эле ооруп калуу ыктымалдуулугу жогору болот. Түнкү уйкунун жоктугунун айынан рак оорусуна да кабылуу ыктымалдуулугу жогорулайт.
Мен бул макалада сиздерге түнкү уйкунун жоктугунан пайда болгон кээ бир патологиялык абалдар тууралуу сөз кылып берем...