Ачкалыктын пайдасы
Likes: 66
Reports:0
2609
Ачкалык - бул адам баласынын тамак-аштан, суудан белгилүү бир убакыт баш тартып жүрүүсү. Адамдын организмине качан гана тамак-аш жана суу кирбей калганда ачкалык пайда болот. Ооба, ачкалык бул уникалдуу нерсе, себеби аны Аллах Таала мусулмандарга ибадат кылып берген.
Мусулмандар Рамазан деп аталган ыйык айда атайын белгилүү бир убакытка тамак-аштан жана суудан баш тартып, ачкалыкты болушат. Ачкалык башка диндерде да ар кандай вариантта колдонулуп келет.
Гиппократ мындай деп айткан экен: "оору учурунда тамактануу - ооруну тойдуруу". Ошол себептен, биз врачтар ооруп жаткан бейтаптарга көбүрөөк ачка болууну сунуштап келебиз.
Кээ бир окумуштуулардын "эң жакшы дарылануу - ачкалык жана эс алуу" деп айтканы бар.
Бирок адам ачка жүрүп койсо, керемет эффект жүрүп кетеби? Албетте жок! Себеби, ачкалык ыкмаларын атайын көрсөтмөсү бар адамдар туура убакытта көзөмөл менен аткарбаса,...