Тумоо оорусундагы коркунучтуу ыкмалар
Likes: 304
Reports:0
10873
Тумоо учурунда айрым адамдар туура эмес ыкмаларды жасап, өздөрүнүн эле эмес, жалпы үй-бүлөсүнүн ден соолугун талкалап жатышат. Мунун баары элибиздин медициналык сабаттуулугунун өтө төмөн экендигинен кабар берет. Эң жаманы, эл арасында өзүн өтө көптү билген, билимдүү сезген "шарлатандардын" көптүгү болууда. Алар оорунун үстүнө оору кошуп, туура эмес маалыматтар менен кайра адамдарды кыйнап жатышат.
Учурда далилденген медицинанын негизинде даярдалган маалыматтар элге суудай эле керек болуп турат, ошондуктан бул макалада сиздерге эң кеңири таралган, көпчүлүк колдонуп жаткан пайдасыз ыкмалар жөнүндө ачык айтууну туура көрдүм.
1. Нафтизин менен ингаляция кылуу
Бул препарат менен ингаляция кылмак түгүл, аны мурунга тамызуунун өзү өтө кооптуу. Анткени бул препарат бала ден соолугуна эле эмес, чоңдор үчүн да кооптуу. Нафтизин менен ингаляция кылуу адамдын организмин уулап, кан басымын&nb...