Купероздун себептери
Likes: 86
Reports:0
![](https://medlit.app/public/frontend/img/Vector (1).png)
![](https://medlit.app/public/frontend/img/s.png)
4905
Купероз - бул жаакта, мурунда, чекеде жана ээкте туруктуу кызгылт же кызыл кан тамырлар пайда болгон тери оорусу. Бул теридеги майда капиллярлардын кеңейишинен улам болот, кан тамырлардын кеңейиши кан тамыр торлорунун пайда болуусуна алып келет.
Купероз адатта, териси назик адамдарда же күнгө жана үшүккө ашыкча чыккан адамдарда көп кездешет. Бул оору ошондой эле гормоналдык өзгөрүүлөргө же генетикалык себептерге да байланыштуу болушу мүмкүн.
Доктор, купероздун себептери кандай?
Мен бул макалада сиздерге купероз оорусун чакырган 20 себеп тууралуу сөз кылып бергим келип жатат. Бул себептерди сизге эч бир врач мындай кенен кылып айтып бербейт, ошондуктан макаланы жакшылап сактап алыңыз.
1. Генетикалык фактор: эгерде сизде купероз менен ооруган жакын тууганыңыз болсо, анда сизде дагы купероз пайда болушу мүмкүн;
2. Күндүн таасири: күндүн узак тийиши теридеги майда кан тамырлардын дубалчаларын бузуп, алардын кеңей...