Карарган кал коркунучтуубу?
Likes: 123
Reports:0
![](https://medlit.app/public/frontend/img/Vector (1).png)
![](https://medlit.app/public/frontend/img/s.png)
5169
Калыбек, Калыгул, Калбүбү деген ысымдар көп кыргызда. Көпчүлүгүбүз калды өзгөчөлүк катары кабыл алабыз. Анын эч кандай зыяны жок деп адамга көрк берүүчү сулуулук катары көрөбүз.
Ал эми медицинада карарган калдын орду кандай экенин билгиңиз келеби? Анда макаланы аягына чейин окуп, башкалар менен бөлүшүүнү унутпаңыз.
Бул макалада "Кал эмнеден улам пайда болот?", "Ал качан коопсуз жана качан кооптуу болот?", "Кайсы убакта чара көрүү керек же чара көрбөй койсо болобу?" деген суроолорго кенен жооп берүүгө аракет кылам.
Кал - бул эң жөнөкөй тил менен айтканда, теридеги карарган өсүндүлөр.
1. Алар меланоцит деп аталган теринин пигменттик клеткалары топтолуп көбөйгөндө пайда болот. Негизи эле калы бар адамдар абдан көп. Алардын айрымдарында 10дон 40ка чейин кал болот. Байкасаңыз, маал-маалы менен жаңы калдар пайда болуп калат, көбүнчө 40 жашка чейин. Улгайган ад...