MEDLIT
  • Features
  • Food check
  • Doctors online
  • Premium
  • Articles
  • About
RUKGEN
Get the app
  • Home
  • Features
  • Food check
  • Doctors online
  • Premium
  • Articles
  • About
РусскийКыргызчаEnglish
Get the app — free
MedLit›Articles

Купероздун себептери

updated 16.11.2026 3 min read
Dr. Bekzhan Turabekov
AuthorDr. Bekzhan Turabekov

General practitioner, clinical nutritionist, neuropsychologist. Founder of MedLit.

  • 5+ years of practice
  • 15,000+ patients completed an in-depth health review
  • 7,000+ patients under ongoing care
Education and training

Kyrgyz State Medical Academy; Medipol (Turkey); Stanford University; Johns Hopkins; University of Colorado; Cape Town University Clinic; Dokma, university of evidence-based medicine; internship at The View clinic (Doha, Qatar).

InstagramYouTubeTelegram
Купероздун себептери

Купероз - бул жаакта, мурунда, чекеде жана ээкте туруктуу кызгылт же кызыл кан тамырлар пайда болгон тери оорусу. Бул теридеги майда капиллярлардын кеңейишинен улам болот, кан тамырлардын кеңейиши кан тамыр торлорунун пайда болуусуна алып келет.

Купероз адатта, териси назик адамдарда же күнгө жана үшүккө ашыкча чыккан адамдарда көп кездешет. Бул оору ошондой эле гормоналдык өзгөрүүлөргө же генетикалык себептерге да байланыштуу болушу мүмкүн.

Доктор, купероздун себептери кандай?

Мен бул макалада сиздерге купероз оорусун чакырган 20 себеп тууралуу сөз кылып бергим келип жатат. Бул себептерди сизге эч бир врач мындай кенен кылып айтып бербейт, ошондуктан макаланы жакшылап сактап алыңыз.

1. Генетикалык фактор: эгерде сизде купероз менен ооруган жакын тууганыңыз болсо, анда сизде дагы купероз пайда болушу мүмкүн;

2. Күндүн таасири: күндүн узак тийиши теридеги майда кан тамырлардын дубалчаларын бузуп, алардын кеңейишине алып келиши ыктымал;

3. Климаттык факторлор: катуу шамал, үшүк жана температуранын жогорулашы куперозду  шартташы мүмкүн;

4. Алкоголь жана ачуу тамактар: спирт ичимдиктерин, ошондой эле ачуу же кычкыл тамактарды көп ичүү теридеги капиллярлардын кеңейишине алып келет;

5. Химиялык заттар: самын, атыр же крем сыяктуу химиялык заттар терини дүүлүктүрүп, куперозду пайда кылышы мүмкүн;

6. Эмоционалдык стресс: кээ бир адамдарда стресстин айынан купероз пайда болот;

Have a question about this?

Add your child to MedLit and ask a doctor — they will see the record and labs.

Get MedLit free

7. Тамеки тартуу: никотин капиллярлардагы кан агымын начарлатып, куперозду күчөтөт;

8. Ысык суу: ашыкча ысык суу терини бузуп, куперозду пайда кылат;

9. Бетти кургатуучу каражаттар: самын же бет тазалоочу каражаттар терини кургатып, куперозду күчөтөт;

10. Физикалык сүрүлүү: массаж, скраб жана теринин физикалык сүрүлүүсүн шарттаган башка ыкмалар куперозду пайда кылат;

11. Гормоналдык өзгөрүүлөр: аялдарда купероз менопауза учурунда же гормоналдык дары ичкенде күчөшү мүмкүн;

12. Терини дүүлүктүргүчтөр: тонерлер, лосьондор жана кремдер сыяктуу кээ бир териге кам көрүү каражаттары терини дүүлүктүрүп, куперозду чакыруучу заттарды камтышы ыктымал;

13. Аллергия: кээ бир адамдарда тамак-аштарга аллергиялык реакция болуп, бетинде купероз пайда кылат;

14. Розацея оорусу: купероз розацея менен байланыштуу болот. Бул ооруну туура эмес дарылагандан улам адамда купероз пайда болот;


15. Семирүү: ашыкча салмактагы айрым адамдарда купероздун пайда болуу коркунучу жогору болуп эсептелет;


16. Кан айлануу системасынын оорулары: гипертония, кант диабети жана атеросклероз сыяктуу кээ бир оорулар кан агымын начарлатып, куперозду пайда кылат;


17. Тукум куучулук: купероз жана анын өнүгүүсү кээ бир генетикалык факторлорго байланыштуу болушу мүмкүн;

18. Аба ырайы жана бийик тоолу өрөөн: кээ бир адамдар аба ырайынын өзгөрүшүнө абдан сезгич болот. Ошол себептүү аларда тез эле купероз пайда болот, айрыкча айыл жерлеринде кездешет;

19. Микроциркуляциянын бузулушу: эгерде капиллярлардагы кан агымы басаңдаса же бузулса, бул куперозго алып келиши мүмкүн;

20. Безетки оорусу: май бездеринин иштебей калышы бетти кургатып жыйынтыгында куперозго алып келиши мүмкүн.

Купероздун мындан башка да себептери өтө көп, кененирээк билүүнү кааласаңыз, "Таза беттин сырлары" аттуу китепчени окуңуз. Ал жакта купероздон кутулуу жолдору да жазылган.



Have a question about this?

Add your child to MedLit and ask a doctor — they will see the record and labs.

Get MedLit free

For information only; not a substitute for a doctor’s advice. In an emergency call 103.

Read next

Сөөлдү кантип кетирсе болот? Целлюлит тажаттыбы? Ветрянка тууралуу Псориазды жок кыла турган дары барбы? An effective drug has been developed to combat vitiligo. Эмоленттерди кантип туура колдонобуз?
Read and ask a doctor in the MedLit app Open
MEDLIT

Your whole family's health in one app: medical records, lab results, food check and doctors online.

App Store Google Play

The app

  • Features
  • Food check
  • Doctors online
  • Premium
  • Download

Company

  • About us
  • Health articles
  • WhatsApp

Legal

  • Terms of service
  • Privacy policy
  • Delete account
© 2026 Medical Educational Platform “Medlit” LLC, Bishkek Not for emergencies — call 103 (or your local emergency number).