Псориазды жок кыла турган дары барбы?
Likes: 132
Reports:1
.png)

6968
Өзүңүздөр билгендей, псориаз оорусу өтө көп адамдын жанын кыйнап, түйшүккө салып келет.
Бул ооруну толук айыктырууда медицина ушул убакка чейин алсыз болуп келген. Бирок 2021-жылы псориазга каршы дарыга жүргүзүлүп жаткан илимий изилдөө иштери аяктап колдонууга уруксат берилген.
Бүгүн сиздерге ошол дары тууралуу айтып бергим келди.
Албетте, көпчүлүккө кызык болбосо да псориаз менен ооруп жүргөндөр үчүн бул өтө баалуу маалымат.
Дарынын аты Бимекизумаб. Медициналык тил менен айта турган болсок, моноклоналдык антитело. Бул Европа өлкөлөрүндө псориаз оорусуна эң натыйжалуу дары деп табылды.
Анын натыйжалуулугун жана адамдын саламаттыгына коркунуч келтирбей турганын аныктоо үчүн 1480 бейтап катышкан. Жыйынтыгында бейтаптардын дээрлик 80%ында псориаз жоголгон.
Колдонуу ыкмалары: 4 ай ичинде ар ай сайын 320 мг тери астына сайылат. 4 ай өткөн соң эки айда бир жолу сайылып баштайт.