Вирус менен бактериянын кандай айырмасы бар?
Likes: 35
Reports:0
1028
Көпчүлүк адамдардын ою боюнча, бардык пайда болуп жаткан оорулар вирус жана бактериялардын айынан экен. Чын эле ошондойбу же жокпу? Чындыкты ушул макаладан билесиздер.
Мен бул макалада сиздерге вирустар менен бактериялардын конкреттүү айырмачылыктарын айтып берем, макаланы башкалар менен бөлүшүүнү унутпаңыз.
1. Бактерия - бул бир клеткалуу тирүү организм. Аларда толук кандуу өсүп-өнүгүүсү үчүн бардык керектүү компоненттер бар. Ал эми вирустар болсо, өлүк организм, алар жөн гана капсидден жана генетикалык материалдан турат. Алар өз алдынча көбөйө албайт, тескерисинче, биздин клеткаларыбыздын башын айландырып, өзүбүз үчүн зыяндуу болгон вирустардын санын көбөйттүрөт. Мындайча айтканда, биздин клеткаларды өз пайдасы үчүн кулдай кылып эле иштетип коюшат.
2. 99% вирустар түрдүү ооруларды чакырса, бактериялардын 1% гана оору чакырат. Бактериялардын калган 99 пайызы пайдалуу.
3. Антибиотиктер бактерияларга таасир бере алат, бирок вирустарга кыпынчалык да та...