Омикрон өлүмгө алып барабы?
Likes: 29
Reports:0
1376
Адамдардын оозунан "омикрон" деген сөз түшпөй калды. Бул тууралуу мен дагы өзүмдүн катталуучуларыма маалымат берүүнү туура көрдүм.
Негизи коронавирустун бул штаммы 2021-жылдын ноябрь айларында Түштүк Африкада пайда болгон. Алгачкы жолу 6-январьда Россияда катталды. Кийин эле биздин өлкөгө кирип келди.
Бул штамм жугуштуулугу боюнча лидер болуп эсептелет. Өтө тез тарап жатат. Эртеби-кечпи, сиз дагы бул штамм менен жабыркап калышыңыз мүмкүн.
Бирок коронавирустун бул штаммы жугуштуу болгону менен адамдар ойлоп жаткандай коркунучтуу эмес. Анткени адамдын өлүмүнө себеп болгон жок. Кадимки эле тамак оору, баш оору, мурун бүтүүнү чакырат. Мындай абалдан кантип чыгуу керек экенин айтпасам деле жакшы билесиздер. Стористеримде да кайра-кайра айтып жатам.
Омикронду дарылай турган натыйжалуу эч кандай дары жок, дарылоо процесси симптомдорду кетирүү үчүн гана жүргүзүлөт.
Ошондой эле ВОЗдун берген маалыматына таянсак, вакцина алгандар...