Тонзиллит оорусун кантип туура аныктоо керек?
Likes: 50
Reports:0
1824
Тонзиллит - бул кеңири таралган инфекциялык оорулардын бири болуп эсептелет. Ошол себептүү бул ооруну өз убагында аныктап, туура аныктоо маанилүү аракеттерден болуп саналат.
Мен бул макалада тонзиллит оорусун аныктоодо эң натыйжалуу 3 аныктоо ыкмасын айтып өтөм.
Бул ооруну вирустар да, бактериялар да шарттагандыктан аныктоодо өтө кылдат болуу сунушталат. Көпчүлүк врачтар тонзиллитти аныктоодо жөн гана клиникалык симптомдорду колдонот. Тилекке каршы, мындай кылуу туура эмес. Ошол себептен бул ооруну аныктоодо сөзсүз кийинки ыкмаларга токтолуп кетүү сунушталат:
1. Экспресс стрепто тест - бул тесттин жардамы менен адамдын ангинасын чын эле А тобундагы стрептококк чакырдыбы же башка инфекция шарттадыбы, билүүгө болот. Бул ыкма жеңил жана коопсуз болгондуктан сөзсүз колдонуу сунушталат;
2. Жалпы кандын анализи - бул анализдин жардамы менен бейтаптагы СОЭ деңгээлин жана нейтрофилдердин деңгээлин аныктай...