Лямблиоз оорусунун белгилери
Likes: 32
Reports:0
1242
Лямблиоз оорусу кээ бир адамдарда эч кандай симптомдорду деле чакырбайт, алар жөн гана ооруну башкаларга жугузуучу болуп эсептелет. Ал эми симптомдору пайда болгон адамдарда кийинки патологиялык процесстерди байкоого болот:
1. Тез абалда адамдын ичинин катуу өтүп кетүүсү. Лямблиоз менен ооругандардын ичи көпчүлүк учурда суулуу болуп өтөт. Мындайча айтканда заң суюк болот;
2. Адамдын ичинин катуу түйүлүп оорусу. Бул абал лямблиоз паразитинин спазмды чакырган себебинен келип чыгат. Бул паразит кадимкидей ичеги-карындардын булчуңдарын түйүлтөт;
3. Ичтин көөп чыгуусу да бул ооруда көп кездешет. Лямблиоз менен ооруган адам метеоризмге кабылат. Кичине бир нерсе жесе эле ичи көөп, осурайын десе же осура албай, аябай эле кыйналат;
4. Ошондой эле бул паразит организмдин майды сиңирүү функциясын жогорулатып салат. Жыйынтыгында, бул оору менен жабыркаган адамдын заңы аябай сасык жана майлуу чыгат. Суу менен май аралышып чыгат;
5. Бул оору жаш балада болгон болсо, анын...