Стоматит айыкпай жатат, эмне кылам?
Likes: 147
Reports:0
6794
Буга чейин стоматит боюнча макала жазган элем, ага карабай стоматит менен кайрылгандардын саны аябай көбөйүп жатат.
Нормада стоматит 3-4 күндө кетиш керек, бирок сизде кетпей жатса, анда сөзсүз бул нерселерге көңүл буруңуз:
- Бехчета оорусуна;
- Целиакияга;
- Крон оорусуна;
- ВИЧ инфекциясына;
- Маршалл синдромуна;
- PFAPA синдромуна.
Сиздерден өтүнүч, ушул элементтерди жана витаминдерди сөзсүз текшерип коюңуздар:
- кандагы темирдин деңгээлин;
- фолий кычкылын;
- В12 витамини;
- цинктин деңгээлин.
- Доктор, биздин дарыканаларда бар дарыларды сунуштаңызчы!
Негизи сиздерге натыйжалуу дарыларды жазайын десем, аларды биздин дарыканалардан табуу кыйын экен, ошондуктан төмөнкүлөрдү сунуштайм:
1. Panadol сиробу (айрыкча жаш балдар стоматит болуп, дене табы көтөрүлүп жатканда)
2. Тантум Верде сормо конфетин шимип-шимип соруңуз).