Грипп деген эмне?
Likes: 262
Reports:0
8672
"Грипп" деген сөз биздин өлкөдө эң көп айтылган сөздөрдүн катарында. Бул ооруну кыргыз тилинде сасык тумоо деп атап алганбыз. Ал аба аркылуу жугат.
Грипп деген эмне? Мурун бүтүп, адам жөтөлсө эле грипп менен ооруп жаткан болобу? Деги эле "грипп" деген сөздү кантип түшүнүү керек?
Бул макалада грипп тууралуу сиздерге жалпак тилде түшүнүктүү кылып, сөз кылып берем.
Грипп тууралуу фактылар:
1. Грипп - дүйнө жүзүндөгү эң кеңири таралган инфекциялык оору. Бул оору эпидемияга, пандемияга айланып кетиши толук мүмкүн.
2. Грипп тумоонун башка түрлөрүнө караганда оор өтөт жана көпчүлүк учурда башка вирустук оорулардай тез айыкпай, көп убакытка созулушу мүмкүн. Көп учурда өтүшүп да кетет.
3. Жылына грипп вирусунан дүйнө жүзүндө 250-500 миң адам өмүрү менен кош айтышат.
4. Тумоолордун ичинен толук айыктыра турга...