Гриппке каршы вакцина
Likes: 67
Reports:0
2595
Сиздин саламаттыгыңыз мен үчүн маанилүү болгондуктан ушул суроого жооп жазып коюуну туура көрдүм.
Негизи грипп ОРВИ оорусундай жеңил эмес. Грипп менен ооруп өлгөндөрдүн саны өтө көп кездешет. Анткени грипп вирусу башка вирустарга караганда өтө оор өтөт.
Сиздер мурун бүтүп, жөтөлүп калсаңыздар эле грипп дей бересиздер, бирок ал ОРВИ.
Азыркы учурда медицина өнүгүп, гриппке каршы вакцина иштелип чыккан жана анын курамы ачык-айкын айтылган. Эмдөөгө эч кандай адьюванттар, консерванттар жана башка ден соолукка зыян берүүчү коркунучтуу заттар кошулган эмес. Натыйжалуулугу жана коркунучсуздугу клиникалык изилдөөлөр аркылуу далилденген.
Бул вакцинаны жылына бир жолу алып коюуну сунуштайм. Эскерте кетсем, эмдөөнү сизге мамлекет бекер түрдө сайдырып бербейт, өзүңүздүн жеке капчыгыңыздан төлөп, өз каалооңуз менен аласыз.
Гриппке каршы эмдөөнү кимдер алганга болбойт?
- 6 айга чейинки балдарга;
- кош бойлуулардын бирин...