Хижама далилденгенби?
Likes: 80
Reports:0
.png)

4866
Хижама деген эмне?
Хижама - байыркы замандан бери азыркыга чейин колдонулуп келе жаткан актуалдуу дарылоо ыкмасы. Медициналык көз караштан алганда, хижама – адамдын терисинен вакуумдун жардамы менен кан чыгаруу. Илимий медицинада мындай ыкма wet-cupping деп аталат. Ал эми медицинада dry-cupping деп аталган ыкма да бар, бирок ал хижамага кирбейт, анын мааниси жөн гана банка менен денени сордуруу дегенди түшүндүрөт.
Азыркы учурда көпчүлүк врачтар хижаманы эч кандай пайдасы жок ыкма деп эсептешет, бирок мен сиздерге бул макалада далилденген медицинанын негизинде илимий фактылар менен хижама тууралуу сөз кылып берем.
Эскертүү!
Хижама - бул ислам дининде сүннөт деп эсептелген дарылоо ыкмасы, мындайча айтканда, биздин сүйүктүү пайгамбарыбыз Мухаммад С.А.В. бул ыкманы жасатып, дарыланган. Ошол себептен хижаманын орду мусулмандар үчүн баа жеткис болуп эсептелет. Себеби сүйүктүү пайгамбарыбыз С.А.В. биз үчүн пайдасыз нерсени сүннөт кылып калтырып кетпейт, биз...