Бала үчүн физикалык активдүүлүктүн мааниси
Likes: 39
Reports:0
.png)

1268
Физикалык активдүүлүк - балдар үчүн саламаттыкты сактоонун маанилүү элементтеринин бири болуп саналат. Күнүмдүк көнүгүүлөр жана дене тарбия көнүгүүлөрү балдардын күчтүү болуусун шарттап, чыдамкайлыкты, кыймылдарды координациялоону жана ийкемдүүлүктү өнүктүрүүгө, ошондой эле ден соолугун сактоого, акыл-эсин өрчүтүүгө жардам берет.
Баланын күн сайын, жок дегенде 60 мүнөт көнүгүү жасаганы өтө маанилүү. Мисалы: жөө жүрүүнү, велосипед тебүүнү, сырттагы оюндарды, сүзүүнү, гимнастиканы жана башка спорт түрлөрүн бала адат кылып алса, бул анын ден соолугуна опол тоодой пайдасын берет.
Физикалык көнүгүүлөр балдарда командалык иш алып барууну, атаандаштык духту, башкаларга урмат көрсөтүүнү үйрөтүп, башка социалдык абалдардын өрчүүсүнө жардам берет. Ошондой эле физикалык көнүгүүлөр балдардын өзүн-өзү сыйлоо сезимин жогорулатууга да салым кошот.
Бирок физикалык активдүүлүк бала үчүн коопсуз болушу керек экенин унутпашыбыз керек.